Мыйзамсыз аборт үчүн пара алып жаткан акушер кармалды

Автор -

Ташкент облусунда мыйзамсыз аборт жасагандыгы үчүн пара алып жаткан акушер кармалды. Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасы билдирди.

«Ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө Зангиата районундагы оорукананын гинекология бөлүмүнүн акушери 1 миллион 400 миң сум (170 долларга жакын) өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал акчаны 4 айлык боюнда бар жаранга аборт жасагандыгы үчүн сураган», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө гинекологиялык адистин чечими менен 12 айдан ашкан кош бойлууларга аборт жасоого тыюу салынганы аныкталган.

Бул факты боюнча акушерге карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Бөлүшүү