ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 4-ноябрь күнү саат 03:46да Кара-Коо-Коңур-Өлөң ички чарбалык унаа жолунда “Форд-Фокус” жана “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен “Форд-Фокус” унаасындагы 5 адам жабыркап, Фольксваген унаасынын айдоочусу каза болгон.
КР ӨКМнин №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.