Тоң районундагы жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, 1 адам каза болду

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ,  4-ноябрь күнү саат 03:46да Кара-Коо-Коңур-Өлөң ички чарбалык унаа жолунда “Форд-Фокус” жана “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен “Форд-Фокус” унаасындагы 5 адам жабыркап, Фольксваген унаасынын айдоочусу каза болгон.

КР ӨКМнин №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү