Кара-Көл шаарындагы жол кырсыгынан 2 адам жабыркады

Автор -

Кара-Көл шаарында 5-ноябрь күнү саат 22:20 чамасында  Бишкек-Ош унаа жолунун 375-чакырымында (Сары-Булак айылы) “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаа менен “Тайота Сурф” үлгүсүндөгү унаа кагышып кеткен. Натыйжада 2 адам 1981-жылы туулган В.Д.Н. жана 1987-жылы туулган Г.М.С. жабыркаган.

КР ӨКМнин №94 өртө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү