ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 5-ноябрь күнү саат 18:43 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 255-чакырымында (Долон ашуусу) “Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаасы “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын сүзгөн.
Натыйжада Хонда-Степ унаасынын айдоочусу 1958-ж.т. А.К.( эркек) жана жүргүнчүсү 1987-ж.т. Э. Ш. (аял) жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген.
КР ӨКМнин №42 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаганды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.