Өзгөчө кырдаалдар министри ММК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Автор -

7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун куттуктады.

«Урматтуу Жалпыга маалымдоо кызматтарынын өкүлдөрү!
Урматтуу журналисттер!

Сиздерди келе жаткан 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Ар бир кесиптин түмөн түйшүгү жана ошого жараша кадыр-баркы, сыймыгы болот эмеспи. Чындыгында өлкөбүздөгү тынчтыктын, улуттар аралык ынтымак менен биримдиктин сакталуусуна, демократиялык баалуулуктардын өнүүгүсүнө журналисттердин кошкон салымы өтө чоң.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аракети калкты ар түрдүү маалыматтар жана кабарлар менен өз убагында камсыз кылып эле тим болбостон идеологиялык, экономикалык, маданий жана саясий таасир тийгизүүнү да өзүнө камтыйт.

Калк арасында табигый кырсыктардан сактануу жолдорун, өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүү эрежелерин үйрөтүү жана адам өмүрүн сактап калуу багытында маалымат жеткирүүдө Сиздердин бизге көрсөтүп жаткан колдооңуздарды баса белгилеп кетким келет.

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге ийгилик каалаймын. Акыйкаттыктан тайбай, чындыкты туу тутуп, өлкөбүздүн өсүп өнүгүүсүнө өз салымыңыздарды кошуп жүрө беришиңиздерге тилектешмин!