Мухаммедкалый Абылгазиев: 2019-жылы ИДП реалдуу өсүшү 4 % деңгээлде болжолдонууда

Автор -
276

 2019-жылы ИДПнын өсүшүн 4%га (номиналдык көлөмүн 604,7 млрд. сомго) чыгарууну максат кылдык. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 520,9 млрд. сомго чыгып, өсүш 4,6%ды түздү, ал эми прогноз – 3,5% болчу.

2018-жылы ИДПнын көлөмү 2,8%дык деңгээлде болжолдонууда, номиналдык көлөмү 558,4 млрд. сомду түзөт (9 ай ичинде ИДП 1,2%га өстү, Кумтөрдү кошпогондо ИДПнын көлөмү 2,4%га көбөйдү).

“2019-жылы ИДПнын өсүшүн 4%га (номиналдык көлөмүн 604,7 млрд. сомго)чыгарууну максат кылдык. Мында экономика секторлорунун салымы төмөнкүдөй болот деп жатабыз: кызмат көрсөтүү чөйрөсү – 3,6%га, курулуш – 11,6%га, айыл чарбасы – 2,7%га, өнөр жайы – 2,3%га, Кумтөрдү кошпогондо – 8,8%га камсыз кылынат”, — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы билдиргендей, инфляция 4,7%да болжолдонду.

“Өкмөттүн иши аймактарды өнүктүрүүгө жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталат”, — дейт Абылгазиев.

Бөлүшүү