Бүгүн, 13-ноябрда эртең мененки саат 06:52лер чамасында Ош облусунун аймагында жер титиреди.
Жер титирөөнүн очогу Чоң-Алайда орун алган. Ал эми анын күчү Кара-Шыбак айылында 3 баллга, Кызыл-Эшме, Кулчу, Чак айылдарында 2,5 баллга жана Ачык-Суу айылында 2 баллга сезилген.
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.