Саламаттыкты сактоо тармагындагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Автор -

«Мамлекет  тарабынан  саламаттыкты сактоо тармагындагы кесиптик  билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Муну менен бирге медициналык адистерди даярдоодо саламаттыкты сактоо мекемелеринин реалдуу суроо-талабы эске алынбай жатат».  Бул тууралуу  Кыргыз  Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнү реформалоо: Көйгөйлөр жана чечүү жолдору» темасында өткөн  төгөрөк стол жыйынында билдирди.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр  медициналык адистиктерге  студенттерди кабыл алууда суроо-талап эске алынбай жатканын, буга байланыштуу айрым адистиктер боюнча кадрлардын жетишсиздиги байкалса, башка  адистиктерде ашыкча болууда.

«Жыл сайын медициналык жогорку окуу жайларынан 2500гө жакын студенттер бүтүрүп чыгышат.  Дээрлик бардык ординаторлор шаарда калууну каалашат. Алсак, 92% ординаторлор Бишкек шаарында жана  Ош шаарында 60% калышууда. Мындан улам түрдүү багыттагы адистиктерди даярдоо боюнча жана практикалык суроо талап ортосунда  тең салмаксыздык   пайда болууда.  Жыйынтыгында алар жумушка орношо албай калышууда», – деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Ошондой эле А.Өмүрбекова үй-бүлөлүк дарыгерлердин макамын жогорулатуу, социалдык шарттарын жакшыртуу, аталган адистиктин жагымдуулугун арттыруу зарылдыгын белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медайымдардын, фельдшердик-акушердик пункттардын медициналык кызматкерлеринин айлык акысы жогорулатылды.  Биз дарылоочу-диагностика коюу процессиндеги ар бир кызматкердин салымын баалайбыз», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Белгилесек, тегерек сөл алкагында клиникалык базалардын жетишсиздиги, лицензиялаштыруу жана аккредиттөө маселеси, айыл жергесиндеги жана алыскы аймактардагы врачтардын тартыштыгы, диплом алуудан кийнки деңгээлдеги медициналык кадрларды даярдоого бирдиктүү стандарттардын жана талаптардын жоктугу, медик-студенттердин ашыкча саны сыяктуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Маалымдама: Кыргыз Республикасында 12 мамлекеттик жана жеке медициналык жогорку окуу жайы жогорку медициналык билим берет. 15 жогорку окуу жайда жана илимий борбордо ординатурада даярдык өткөрүлөт.

Бөлүшүү