Өмүрбекова Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна барды

Автор -

Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда көчмө жыйын өткөрдү.

Медициналык мекеменин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү Алтынай Өмүрбековага институттун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, аны операциялык блоктун жана жандандыруу бөлүмүнүн иши менен тааныштырышты, ошондой эле алмаштырууга муктаж болгон медициналык жабдууларды көрсөтүштү.

Вице-премьер-министр ошондой эле операцияны күтүп жаткан бейтаптар жана балдардын ата-энелери менен сүйлөштү.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту үчүнчү деңгээлдеги уюмдардын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо боюнча Планга киргизилди, мында түзүмдүн ишинде бир катар өзгөрүүлөр болот деп күтүлүүдө.

Жыйында медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүн мындан ары да оптимизациялоо, каржылоо системасын, штаттык ырааттаманы өзгөртүү жана кызматкерлердин эмгек акысын төлөө, калкка медициналык кызмат көрсөтүү маселелери талкууланды.

Алтынай Өмүрбекова саламаттык сактоо системасы белгилүү бир өзгөрүүлөрдү баштан өткөрүп жатканын жана башкаруу, каржылоо, кызмат көрсөтүү маселелери боюнча жаңы ыкмаларды колдонуу керектигин жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын санын кыскартуу боюнча жакшы натыйжаларга жетишилгенин белгиледи.

«Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда тиешелүү шарттар, жабдуулар болуш керек, дарыгерлердин эмгек акысы да тийиштүү деңгээлде болушу шарт, ошондой эле чет элдеги кесиптештер менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк болуш керек. Илимдеги жаңы жетишкендиктерди пайдаланмайын медицинанын өнүгүүсүн элестүү мүмкүн эмес. Институт мезгилден артта калбашы керек. Анын ишмердүүлүгү ачык, ал эми кызмат көрсөтүү менен шарттары жарандар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу шарт», – деди вице-премьер-министр.

Маалымдама: Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда жылына орто эсеп менен 1200гө жакын операция жасалат, анын ичинен 700ү жасалма кан айлануу аппараты менен, 500 операция интервенциялык мүнөздө (наркозсуз жана жасалма кан айлануу аппаратысыз) жасалат.

Институттун 2019-жылдагы бюджети 105,0 млн сом түздү. Анын ичинен: бюджеттик каражат – 30,0 млн сом, кошумча төлөмдөр 37,5 млн сом, атайын эсеп – 37,5 млн сом.

Бөлүшүү