Журналист Дональд Трамп менен анын администрациясын сотко берди

Автор -

CNN кабарчысы Жим Акостанын аккредитациясынын жокко чыгарылгандыгына байланыштуу Дональд Трамп менен анын администрациясын сотко берди. Журналисттин ак үйгө кирүүсүнө президенттин 7-ноябрдагы басма сөз жыйынынан кийин чектөө киргизилген.

Аталган басма сөз жыйынында Акоста Трамптын шайлоо алдындагы сөздөрүндө эмне үчүн мигранттарды “баскынчылар” деп атаганына кызыгып, «Орусия менен болжолдуу байланышы тууралуу иликтөө чочулатпайбы?» деп сураган.

Трамп журналисттин бул суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, аны «орой жана коркунучтуу адам» деп атаган. Бул окуядан кийин CNN кабарчысынын аккредитациясы жокко чыгарылган. Кийинчерээк Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс журналисттин аракетин ылайыксыз деп баалап, микрофонду талашып жатканда атайылап үйрөнчүк кыздын колун кармаганын билдирген.

CNNдин Трампка каршы жазган арызында жоопкер катары дагы беш киши көрсөтүлгөн. Алар Ак үйдүн мурдагы аппарат башчысы Жон Келли, басма сөз катчы Сара Сандерс, коммуникациялар боюнча штаб жетекчисинин орун басары Билл Гин, Жашыруун кызматтын директору Жозеф Кланси жана анын кол алдында иштеген офицер Жон Доун.

CNN Акостанын аккредитациясын тез арада калыбына келтирүүнү талап кылууда. Телеканалдын жетекчилиги бул көрүнүш шайланган чиновниктердин ишмердүүлүгүн чагылдырган ар бир журналисттин ишине терс таасир этиши мүмкүндүгүн белгилөөдө.

Бул Трамп менен Акостанын ортосундагы алгачкы жаңжал эмес. 2017-жылдын башында Трамп президенттик кызматка кирише электеги маалымат жыйынында CNN кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, телеканал «жалган маалыматтарды» таратарын билдирген. Анда телеканалдын жетекчилиги президенттин бул аракетин сынга алган.

Бөлүшүү