Чычкан капчыгайында газ ташуучу унаа өрттөнүп кетти (фото) 

Автор -
209

ӨКМдин маалыматына ылайык, 15-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында газ ташуучу унаа жол жүрүп бара жатып оодарылып өрт чыккан.

«Бактыга жараша унаанын айдоочусу 1967-жылы туулган О.Г.  унаадан жерге секирип аман калган. Айдоочу майда жаракат алган жана  абалы туруктуу»,-деп айтылат маалыматта.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:10до КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 15:10до толук өчүрүлгөн.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү