Мыйзамды бузган адамдар соттолот. Ал эми мыйзам талаптарын аткарбаган аткаминерлерди эмне кылыш керек? Албетте, аларды да жоопкерчиликке тартуу зарыл! Тилекке каршы, ушул кезге чейин мыйзамдарды аткарбаган бир дагы чоӊ чиновник жоопко тартыла элек. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Мисалы, жергиликтүү кеӊештердин депутаттары шайланганына эки жылдын жүзү болду. БШК ушул кезге чейин 8 миӊ депутатка төшбелги тапшыра элек. Бул жерде мыйзамдын ченемдери бузулуп жатпайбы. Эми, мындай мисалдар арбын. Биз кабыл алган көптөгөн мыйзамдар аткарылбай келет», — деди эл өкүлү.