Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Бишкектеги Киев көчөсүнө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын берүүнү сунуш кылды.
Анын айтымына караганда, Бишкекте жазуучунун 90 жылдык мааракеси көз жаздымда калган.
«Борбор шаарыбызда Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында бир дагы иш-чара өткөн жок. Бул уят нерсе. Эки даңазалуу инсан Манас атабыз менен Чыңгыз Айтматовдун атын бир көчөгө берип койду. Бул чолок, чоркок саясат. Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан сунуш түшпөсө, анда мен сунуш киргизем. Бул Белинский көчөсүн Манас проспектиси деп атаганыбыз оң, ал эми Киев көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун атын берели. Эгер биз эгемендүү мамлекет болсок эки залкар адамдардын атын эстешибиз керек», — деди Момбеков.