Салык кызматы 10 айда 63 млрд сом салык жыйнады

Автор -

Алдын-ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 63 млрд 909,3 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Коюлган план 100,1 %га аткарылып, 68,2 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 6 млрд 271 млн сомго же 10,9 %га жогорулаган.

Бөлүшүү