Жалал-Абад шаарында 3 унаа кагышып, 5 адам жабыркады

Автор -

Жалал-Абад шаарында 3 унаа кагышып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү саат 14:30да Ж. Бакиев жана А.Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде  “Фольксваген пассат”, “Фольксваген гольф-3” жана “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кырсыгынын кесепетинен 4 эркек, 1 аял  жана жаш бала ар кандай жаракаттарды алышып, райондук ооруканага жеткирилген.

КР ӨКМнин №20 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде  унаада кыпчылып калган жүргүнчүлөрдү чыгарышып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү