Бүгүн Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Автор -

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, электр жарыгы оңдоп-түзөө иштеринен улам өчүрүлөт.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

-09:30-14:00- Андижан, Коллекторная көчөлөрүндө;

-09:30-18:00- Көк-Жар жаңы конушунда (Арстанбап, Көк-Жайык, Достоевский, Көк-Жаңгак, Кулмурзаев, Молдокулов, Куйручук, Ахунбаев көчөлөрүндө);

-09:30-17:00- 11-кичи райондогу №15-17-үйлөрүндө;

-09:30-18:00-Ак-Ордо жаңы конушунда;

-09:30-18:00- Үч-Коргон, Манас, Офицерский тар көчөсүндө;

-09:30-18:00-Жамбул көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүктө;

-09:00-18:00-Киргизия жаңы конушунда (Кожомкулов, Абдрахманов көчөлөрүндө);

-09:00-17:00-Түлөбердиев, Кокчетавский, Махатма Ганди, Караванский тар көчөлөрүндө өчүрүлөт.