Бишкек мэриясы медициналык Тез жардам кызматына жаңы 6 унаа тапшырды. Бул тууралуу мэрияныны басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бардык техника шаардык бюджеттен каржыланган. Тапшырылган алты автоунаа дарылоо-диагностикалык шаймандар менен жабдылган. Анын ичинен экөө сүт азыктарын ташууга, 1 соцкызматына, калгандары медициналык тез жардамга берилген. Бардыгы шаар тургундарына кызмат көрсөтүшөт.
Шаардык социалдык-экономикалык планына жараша, жылына шаардык бюджеттин эсебинен 6-7 унаа сатып алынат. План боюнча 100гө жакын унаа алуу каралган.