Өлкө аймагында 20нан 24-ноябрга чейин  күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Автор -
209

ӨКМдин маалымат кызматы өлкө аймагында 20нан 24-ноябрга чейин  күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

21-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 21-ноябрда күндүз жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

23-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорундада кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

24-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына       4-9 метрден, 24-ноябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-ноябрда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. 25-ноябрда күндүз жана 26-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы төмөндөйт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

 20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

21-ноябрда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. 21-ноябрда күндүз жана   22-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

 20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

21-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
21-ноябрда күндүз жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
22-ноябрда күндүз жаан жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.