Бишкектин айрым аймактарында 4 күн жаратылыш газы жок болот

Автор -

Оңдоо жана калыбына келтирүү максатында 19нан 23-ноябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы маалымдайт:

Газ өчүрүлүүчү аймактар:

— 19-20-ноябрда Бишкек шаарынын Тоголок-Молдо, Щербаков, Орозбеков, ЧЧК көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

— 20-23-ноябрда Бишкек шаарынын «Щербаков» жаңы конушу; «Салам-Алик» ж/к.; Малышев, Куренкеев, 2-е Черепки, Беломорский; БЧК, М.Ганди, Саадаева, Ак-Тилек, МЧК, Кара-Жыгач бакчасы көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында; «Көлмө» ж/к.; №46 мектебинин от казанында; «Геодезия-1» от казанында.

 

Бөлүшүү