Баткен шаардык соту облустун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүргөнгө шектүү жарандын баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Соттун чечими менен шектүү Мэлис Калыков 2 айга камакка алынат.
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Окуяга шектүү делип капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалды.