Баткен: Анарбай Мамажакыповду өлтүргөнгө шектүү адам 2 айга камакка алынды

Автор -

Баткен шаардык соту облустун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүргөнгө шектүү жарандын баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен  билдиришти.

Соттун чечими менен шектүү Мэлис Калыков 2 айга камакка алынат.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Окуяга шектүү делип капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү