Баткен: Өлтүрүлгөн Мамажакыповдун ордуна жаӊы прокурор дайындалды

Автор -

Баткен облусунда прокурордун милдетин аткаруучу  болуп Ороз Бердибаев дайындалды.

Ал буга чейин Башкы прокуратуранын бир башкармалыгын жетектеп келген.

Мурунку прокурор Анарбай Мамажакыпов жекшембиге караган түнү киши колдуу болгон. Кылмышка шектелип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалган.

Бөлүшүү