Эл өкүлдөрү Екатеринбург шаарында иштеген кыргызстандыктар менен жолугушту

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Сагындык Келдибаев, Улукбек Ормонов, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев жана КР Миграция кызматынын өкүлдөрү Орусиянын Екатеринбург шаарында иштеген эмгек мигранттары жана аталган шаарда билим алып жаткан жаштар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандан барган студенттер окуу менен бирге ишти айкалыштыруу максатында иштөөгө уруксат берүү жоболорун мыйзамга киргизүүнү өтүнүштү. Кыргызстандан барган бойго жете элек кыздардын үй-бүлө күтпөй эле көз жарып, жыйынтыгында наристелер кароосуз калып жатканы, ишке орношуп жатканда жумуш берүүчү менен жумушчу ортосунда эмгек келишими түзүлбөгөндүгүнө байланыштуу айрым жарандарыбыз айлык акысын ала албай калып жаткандыгы айтылды. Атайын кыргыз борборун ачуу үчүн ал жактан чакан имарат бөлдүрүп берүү маселесин да көтөрүштү.

Ошондой эле эл өкүлдөрү Екатеринбургдагы ири “Монетка” аталышындагы логистикалык борбордун иши менен таанышты. Ал жерде 700дөн ашуун кыргызстандык расмий түрдө иштейт. Алардын орточо эмгек акысы 25 миң  рублден 100миң рублге чейин барат.

Расмий жолугушууда эл өкүлдөрү мекендештер тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айтып, меселени жеринен чечилишин карашты. Жергиликтүү жетекчилик кыргызстандык эмгек мигранттарына колдон келишинче жардам көрсөтүлүп жаткандыгын айтып, алардын ар бир кайрылуусуна көңүл буруларын билдирди.

Бөлүшүү