Тажикстандын эки миңге жакын жараны «ИМ» тобунун катарына кошулуп кеткен

Автор -

«Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында Сирия менен Ирактагы согуштарга Тажикстандын 1899 жараны катышкан. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Мансуржон Умаров билдирди.

Буга чейин тажик бийлиги ИМ тобуна 1100 тажикстандык кошулуп кеткенин маалымдаган.

Умаровдун айтымында, жоочуларга кошулган кишилер согуш тутанган аймактарга Түркиядан барышкан. Алардын көбү Түркияга Москва, Бишкек, Дубай жана Баку шаарлары аркылуу кетишкен. Мындан тышкары жүздөгөн согушкердин үй-бүлөсү Ооганстанда экени да аныкталган.

Расмий маалыматка караганда, тажик өкмөтү Сириядан жана Ирактан 80 жаранды мекенине кайтарып, 1700 кишиге издөө салынган. Согушта мерт болгон тажикстандыктардын так саны белгисиз.