Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, 36 жаштагы аял каза болду

Автор -

Токтогул районундагы жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-ноябрда болжол менен түнкү саат 03:33төр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунунда жол кырсыгы катталган.  Анда токтоп турган “Renault” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын артынан келип “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1982-жылкы 1 аял каза болуп, 2 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келип, жаракат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү