Cултан Ибраимовго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» ардактуу наамы ыйгарылат

Автор -

«Султан Ибраимов элдин оюнда, жүрөгүндө эчак эле Элдик баатыр болуп калган. Тилекке каршы,  бул наамды ага  расмий ыйгарууга 2017-жылы кабыл алынган мыйзам жол бербейт экен. Султан Ибраимовдун кыргыз мамлекети үчүн жасаган эмгегин татыктуу баалоо иретинде, кийинки муундун урмат-сыйын билдирүү максатында мен Султан Ибраимовго „Кыргыз Республикасынын Баатыры“ ардактуу наамын ыйгаруу туура болот деп эсептеймин. Ал үчүн депутаттардан мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүүнү өтүнөт элем. Парламент каршы болбойт деп ишенем. Мыйзам кабыл алынса, тийиштүү Жарлыкка кол койгонго мен даярмын», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Бөлүшүү