Чоң-Кемин суусуна ГАЗ-53” үлгүсүндөгү унаа кулап, 2 адам каза болду

Автор -

Чоң-Кемин суусуна ГАЗ-53” үлгүсүндөгү унаа кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрь күнү саат 16:34 чамасында “ГАЗ-53” үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып Чоң-Кемин суусуна кулап кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1977-жылы туулган М.А жана 1976-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар жеринде каза болгон.

КР ӨКМнин №5 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаада кыпчылып каза болгон жарандардын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү