Дамир Сагынбаев КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Автор -

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 2018-жылдын 21-ноябрында Россия Федерациясынын Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын алтынчы жолугушуусуна катышты.

Жолугушууга ошондой эле Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

Афганистандагы абал, КМШга мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарына коркунучтар жана чакырыктар, биологиялык коопсуздуктун жаңы коркунучтары, алдын алуу жана биргелешип жооп берүү иштери, террористтик ишмердикти каржылоону алдын алууга биргелешип иштөөнүн багыттары боюнча талкуу болду.

Жолугушуунун катышуучуларынын демилгеси менен кошумча КМШ жана ЖККУ өлкөлөрүнүн Батыш мамлекеттери жана НАТО блогу менен аракеттенишүүнү активдештирүү жана кылмыштуу максаттарда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга каршы туруудагы россиялык демилгелер боюнча маалымат угулду.

Ошондой эле Россия Федерациясынын сириялык кризисти чечүүдөгү аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун натыйжасында КМШ аймагында ич ара кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Мындан тышкары, КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев аймактык кызматташуу маселелери боюнча Казакстан жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Бөлүшүү