Депутат: Финпол өлкөнүн экономикалык коопсуздугун коргобой, ишкерлерге кысым көрсөтүүдө

Автор -

Көптөгөн ишкерлерден кайрылуу түшүп жатат, Финполдун ишине нааразы. Финполициянын азыркы саясаты менен ишмердүүлүгү өлкөнүн экономикалык коопсуздугун коргобой эле, тескерисинче ишкерлерге кысым көрсөтүүгө багытталып калды. Мындай өтө коркунучтуу жосунду азыртан токтотпосок болбойт. Бул тууралуу депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Максим Бакиевдин заманында Финполдун бир жетекчиси анын буйругун ашыра аткарам деп жүрүп, азыр коомчулукка жүзүн көрсөтө албай качып жүрөт. Ошондуктан, Финполду ишкерлерге каршы мындай аракетин азыртан ооздукташ керек. Анын үстүнө, Кыргызстандагы экономикалык акыбал анчалык жакшы эмес. Мисалы, 2018-жылдын алгачкы жарым жылында эле өлкөнүн экономикасына түз инвестиция тартуунун көлөмү 33 пайызга төмөндөп кеткен. Бул кыйла кооптуу көрүнүш», — деди депутат.