ӨКМ эскертет: кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Автор -
228

Маалыматка ылайык, 23-ноябрдан 25-ноябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы кар күрткүсү күтүлгөн аймактар:

-Төө-Ашуу ашуусу

-Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы

-Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунундагы Чапчыма ашуусу

— Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында,

-Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында

«Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл»,-деп эскертет ӨКМ.

Бөлүшүү