Борбор калаада ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдалы кызынын портрети тартылды. Ал Бишкек медициналык колледжинин имаратында жайгашкан. Бул тууралуу DOXA art-group тобундагы сүрөтчүсү Сергей Келлер жазып чыкты.
“Бул кыздын трагедиялуу тагдыры баарына маалым деп ойлойбуз. Портрет коомчулуктун көңүлүн гендердик, аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукка, үй-бүлө куруу үчүн ала качуу маселесин түп-тамырынан жоюуга бурат”, — деп жазган сүрөтчү
19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон.
Баса, кечээ, Бурулайдын өлүмү боюнча милиция кызматкерлери сурак беришти.