Дональд Трампты таңдандырган кыргыз акын Муратбек Рысбеков менен эксклюзивдүү маек

Автор -
653

Акын Муратбек Рысбековдун китеби Сингапурдагы дүйнөлүк басмаканалардын биринен англис тилинде басылып, жатат. Алгачкы нускасы автордун колуна тийди. АКШ президенти кыргыз акыны жазган ырды жактырды” дегенди угуп, андан “Кыргыз Туусу” гезитинин жамааты интервью алган.

–АКШ президенти Дональд Трамп  «Твиттерден»  “Эмне  болуп жатат, ыя?” деген ырыңызга “мыкты ыр” деген баасын калтырган экен. Болсун. Бул кабар сизге кандай таасир калтырды?

– Чындыгын айтканда, күткөн эмесмин. Бул мен үчүн жагымдуу болду.

Картинки по запросу Муратбек Рысбеков

– Кесибиңиз курулушчу болуп туруп,  адабиятка  кандайча  аралашып калдыңыз? Ким, эмне түрткү болду?

– Акын же жазуучу болуш үчүн сөзсүз түрдө эле, адабий институтту же адабий билим алыштын зарылдыгы болбосо керек. Чыңгыз Айтматов деле айыл чарба институтун аяктаган. Эми адабият дүйнөсүндө андай мисалдар толтура. Мен адабиятка 1987-88-жылдары аралаштым. Бул жылдарда жашым 30га келип калган. Ал убакта курулуш тармагында он жылга чукул иштеп койгом. Борбор калаага жакын келип, эбепке-себеп дегендей, жазган ырларымы апкелип, акын Ташмат Арыковго таштап кеттим. Ал бул убакта адабиятты жайылтуу бюросунда иштесе керек эле, жылуу сөзүн айтып, ырларымды алып калды. Кийин бир келсем, Ташмат Арыков жок экен, акын Маркабай Ааматов отуруптур. Ырларымды калтырып кеткенимди айтсам, үстөлдүн суурмасын аңтарып жатып, бир калың дептер ырымды таап чыкты. “Ээ, баатыр шыгыратып эле ыр жазып жүрө бересиңби, элге, адабий чөйрөгө аралаш” деди. Ошентип, М.Ааматовдун ошол сөзү түрткү болду. Кийин чыгармачылык жолумда Нуркан Турсунбаев туш келди. Акын Карбалас Бакировго кезигип, ал Феддин китебин берди. Анан куру-луш иштери менен Москва, Ленинградга барып, Блоктун,  Пушкиндин үй-музейлеринде,  Анна  Ахматова  жүргөн жерлерде,  Эрмитажда  болдум.  Андагы Ленинград,  азыркы Санкт-Петербургдагы эстеликтерди көрдүм. Ушул  таасирлердин баары чыгармачылыгыма чоң таасирин тийгизди.

На данном изображении может находиться: 1 человек, часть тела крупным планом и на улице

– Анан ошентип адабиятка аралашып калдыңыз?

– Ии. Ага чейин эле адабий чыгармаларды үзүлүп түшүп окучумун. Ф.Достоевский, А.Чехов, У.Уитмен, Н.Рубцов, С.Эралиев, Р.Рыскулов, С.Тургунбаев. Эң чоң устатым сынчы Кеңешбек Асаналиев. Чыңгыз Айтматовдой генийди баалаган адамга даап бара албай жүрүп, отуз сегиз жашымда зорго баргам. Устатымдын жубайы Манас таануучу, академик Раиса Кыдырбаеванын жылуу сөздөрү азыр да жүрөгүмдү жылытып турат. Жакында эле көзү өткөн жазуучу, журналист, акын Курманбек Өгөбай, радиодогу музыка режиссеру Талантбек Мамбеталиев, кыргыз радиосунун директору Эралы Айылчиев, Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров, Кыргыз эл акындары Эрнис Турсунов, Төлөгөн Мамеев, Рамис Рыскулов ж.б. устаттарымдан болушту.

На данном изображении может находиться: 1 человек, напиток и в помещении

– Эми Дональд Трамптын сиздин чыгармачылыкка кандайча кызыгып калганы тууралуу айтсаңыз?

– Мен 50 жылдыгымды өткөргөндө, акын Ө.Бегалиева менен Замир Өсөров келди. Анан өзү эле демилге көтөрүп, ырларымды которо баштады. “Стихи.ру” сайтына коюп жатканын айтты. 3 орусча, 6 англисче, 1 кыргызча ырымды коюптур. Анан Трампка жазган ырымды “Твиттер” социалдык тармагына койгон экен, эртеси эле Трамп ал ырды жактырган белги коюп жатпайбы.

–  Болсун.  Эми  китебиңиз  англис тилинде чыккан жаткан турбайбы?

– Ооба, АКШ президентинин “мыкты ыр” деген баасынан кийин дүйнөлүк поэзия коомчулугунда кызыгуу жаралды көрүнөт. Сингапурдагы  «Partridge  Singapore»  басмаканасы  «Асманга  умтулуу»  аттуу  ыр жыйнагымы  басып  чыгарууга  келишим түздү.

– Оо-уу, калем акы жагы да сүйлөшүлдүбү?

– Айтор, сүйлөшүүлөр болду. Анын баары китептин нускасына жараша болот экен. Алар бизчилеп, китепти чоң нуска менен чыгарбай, өтүмүнө жараша чыгарат дешти. Азырынча калем акы канча болору белгисиз.

– Башка басмалардан да сунуштар болуудабы?

– Москванын “Радуга” басмаканасынан сунуш бар.

На данном изображении может находиться: 1 человек

Маектеш тууралуу маалымат:

Акын Муратбек Рысбеков (Рум) Ноокат районунун Өсөр (Киркол) айылында туулган. Жерлиги Чүй облусунун Сокулук районундагы Саз айылынын кулуну.

Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунун архитектура жана курулуш  факультетин  аяктаган  соң,  Совет (Кара-Кулжа), Жаңы-Жол (Аксы), Сокулук райондорунда курулуш жана архитектура бөлүмүндө өз кесиби боюнча эмгектенген. Кийин кесибин алмаштырып, Кыргыз теле-радио комитетинин радио тармагында редактор, кабарчы болуп иштеген. Анан кайрадан Ысык-Ата райондук курулуш жана архитектура бөлүмүндө куруучу инженер-конструктор болуп өз кесибин уланткан. Учурда «Бишкекдолбоор» ААКысында куруучу инженер-конструктор.

Ырлары 1985-жылдан басма сөз беттеринде жарыялана баштаган. “Сүйүү өлкөсү” (1994), “Сулуу таң” (1995), “Ыр канатындагы симфония” (2001), “Адам борбор” (2004), “Эскилерден жан дүйнөгө эстелик” (2004), “Үндүү жарык” (2015) ыр жыйнактары жарык көргөн. Ж.Бөкөнбаев атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты.

АКШнын  президенти Д.Трамп “мыкты ыр” деп баалаган акындын ыры:

ЭМНЕ БОЛУП ЖАТАТ ЫЯ ?!..

Эмне болуп баратабыз?!
Ушунчалык муң-зар көп,
Араздашуу эң арбын,
Айланада каңырсуулар,
Оңдуу, солдуу жүрүштөр.
Тоз-тополоң түшүп жатат ар жакта!
Эх, досум, эх!
Чечилбеген нерселер!
Элдин башы маң болду!
Жумуртканын баасынчалык баасы жок,
Төмөн ылдый чөгүүдөбүз,
бардык Дүйнө
Бузулгандай, жапырт өөрчүп бузуктук,
Кайда барып токтолобуз,
Мырзалар?!.

Тыгылганды баткакка,
Кантип чыгаар айлаларын
Таба албай, айла кетип,
Жок келемиш, жок чычкан?

Жок жерлерден жокту издеп
Жүрүшөт.
Көпкөрүнөө көркоолорду кармабай?!
Байкуш жандар
Торго түшүп жатышат!
Өткөөл кезде жашап өмүр сүрөбүз,
Адамзаттын келечегин түзө албай?!..
Туңгуюктун чеңгелине кептелдик!
Бүгүн эгер кеч болсо?!
Эртең андан кеч болот!
Кайрылбаган, каргашалуу –
ааламдашуу өнүгүү
Өзүбүздү тепсеп мойсоп салбасын!
Айрым ач көз, тойбостор!
Казынаны талап кетип жатышат?!..
Качты кайда?! Кармалбаган жексур,
Как баш лидерлер!Жер жүзүндө
Өзүлөрү жалгыз гана
Жашайбыз деп жүрөбү?!
Кудай алсын аларды?!..

Эмне болуп баратабыз
Мистер Дональд Трамп,
Кандайдыр бир аралашчы?!..
Дем алганга жардам бер!
Ааламдагы азаптардан!
Болбогон эх!, түйнөктөлгөн,
Дүйнөдөн!

Бөлүшүү