Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүcү күтүлүдө

Автор -
201

Кыргызстандын тоолуу райондорунда 23-ноябрдан 25-ноябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы кар күрткүсү күтүлгөн аймактар:

-Төө-Ашуу ашуусу

-Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы

-Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунундагы Чапчыма ашуусу

— Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында,

-Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында

«Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл»,-деп эскертет ӨКМ.

Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Суу кар электр зымдарга жабышып, үзүлүү коркунучун алып келет.

Бөлүшүү