2019-жылы калаанын 6 кѳчѳсүндѳ оңдоп-түзѳѳ иштери жүргүзүлѳт (тизме)

Автор -

2019-жылы  Кытай Эл Республикасынын ѳкмѳтүнѳн берилген каражатка,  «Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында калаанын 6 кѳчѳсү,  жалпы узундугу 5,38 км жол оңдолот.

Кийинки жылы Нуркамал, Абай, Алтымышев, Репина (Күйүков кѳчѳсүнѳн Гагарин кѳчѳсүнѳ чейин), Токтогул жана Жайыл Баатыр кѳчѳлѳрүндѳ оңдоп-түзѳѳ иштери жүргүзүлѳт.

«Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында  2018-2019-жылы жалпы узундугу 38 км түзгѳн 23 кѳчѳдѳ жол оңдоо иштери ѳткѳрүлдү.  Жолдордун кѳпчүлүк бѳлүгү быйыл бүткѳрүлдү. Айтматов жана Манас проспектилери, Чүй жана Жибек-Жолу проспектилеринин айрым бѳлүктѳрү, 7-апрель, Садырбаев (Бах), Айни, Термечиков, Салиева кѳчѳлѳрү, Ахунбаев жана Москва кѳчѳлѳрүнүн бѳлүктѳрү жана башка кѳчѳлѳр оңдолду. Анын ичинде Үсѳнбаев жана Үмѳталиев кѳчѳлѳрүндѳ оңдоо иштери мѳѳнѳтүнѳ чейин бүткѳрүлдү.

Бөлүшүү