Бишкек шаарында башкы балаты орнотула баштады

Автор -
373

Бишкектин борбордук аянтында өлкөнүн башкы балатысын орнотуу иштери башталды.

Балатыны «Бишкек жарык» ишканасы менен чогуу «Жана тазалык»муниципиалдык мекемеси орнотуп жатат. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метрди түзөт, ал эми бутактары болсо 12400 ийне менен бекитилет. Ошо менен бирге 350 оюнчук жана ар түрдүү лампалар жана зымдар менен кооздолот.

«Бишкекбашкыархитектура» борбордун концепциялык жасалгасын «Кышкы жомок» деп атоону сунуштады.  Ала-Тоо аянтынын ортосуна «Кар ханышасынын» «Муз тактысы » орнотулат.

Ошондой эле муз жылгаяктары курулуп ичине ак илбирс, бугу, аркар ,бүркүт жасалып, ар түрдүү түстөгү жасалгалар менен кооздолот. Борбордун башкы сүрөтчүсү Марат Жороев Бишкек шаарынын гербиндеги элементтер жана өзгөчө кооздолгон 2019 саны менен жаңы жылдык эмблеманы коюуну сунуштады.