Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарына учуп кетти

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 27-ноябрында Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат.

Жыйындык катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелерин карашат.

Анын ичинде Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалардын талкууланышы күтүлүүдө, ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети каралат, ошондой эле 2017-2018-жылдары ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет угулуп, башка актуалдуу маселелер каралмакчы.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, иш сапар алкагында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы Ч.Т.Айтматов атындагы парктын салтанаттуу ачылышына катышат.

Буга катар Премьер-министр ошондой эле Белорус жогорку технологиялар паркына, Беларусь ГС1 Автоматтык идентификатташтыруу ассоциациясына, «Великий камень» индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат.

Бөлүшүү