Жыргалаң дарыясына жеңил унаа түшүп кетип, 2 адам каза болду

Автор -
Сүрөт: ӨКМ

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кечээ, 25-ноябрь күнү саат 14:43 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда Жыргалаң-Каракол унаа жолунун 50-чакырымында “Нива” үлгүсүндөгү жеңил унаа Жыргалаң дарыясына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши жана 1 аял киши каза болгон.

КР ӨКМнин Тоо-кен куткаруу кызматынын №7-Өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунун  куткаруучулары унааны суудан чыгарышып, каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү