Берлинде Чыңгыз Айтматовго арналган театралдык кече өткөрүлдү

Автор -

Берлиндин жанындагы Нойенхаген шаарында Эл жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган театралдык кече өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрда Берлиндин жанындагы Нойенхаген шаарында (Германия), Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган театралдык кече өткөрүлдү. «Жамиля» атту аңгеме боюнча спектакль Нойенгхаген шаарынын Маданият үйүндө Томас Рюман жана Тобиас Моргенштерндин көргөзүүсүндө болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Германиядагы Кыргыз Республикасынын Элчиси Эринес Оторбаев театралдык кеченин уюштуруучуларына жана спектаклдын каармандарына ыраазычылык билдирип, алардын Чыңгыз Айтматовдун Германияда болгон улуу адабий мурасын сактоо боюнча ролун баса белгиледи.

Маданият үйүнүн директору Регина Зюсмут өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы тууралуу айтып берди.

Спектакль көрармандарга абдан кызыктуу болуп, иш-чарага Нойенхаген шаарынын тургундары катышышты, меймандардын саны 400 адамдан ашык болду.