Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку технологиялар паркына барды

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы «Жогорку технологиялар паркынын администрациясы» Мамлекеттик мекемесине барды.

Жогорку технологиялар паркынын директору Всеволод Янчевский Өкмөт башчыга мекеменин ишмердиги тууралуу айтып берди жана бул ИТ-бизнестин ийгиликтүү өнүгүүсүнө жагымдуу өбөлгө түзгөн атайы салык-укуктук режими бар өзгөчө экономикалык аймак экендигине токтолду.

Парк экстерриториалдык принцип боюнча иш алып барган АКШдагы Кремний өрөөнүнүн белорустук варианты катары таанымал. Анда катталган компаниялар белорустук кеңсенин жайгашуу ордунан көзкарандысыз түрдө бардык сунушталган артыкчылыктардан пайдалана алышат.

Долбоордун алгачкы максаты — Беларусь Республикасында экспортко багытталган программалаштыруу индустриясын, жаңы жана жогорку технологияларга негизделген башка экспорттук өндүрүштөрдү өнүктүрүү, ошондой эле улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кадрдык, илимий-өндүрүштүк жана инвестициялык-финансылык мүмкүнчүлүгүн  топтоштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Жогорку технологиялар паркында иштеген мекендештер менен пикир алышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү