Казакстан Орусиядагы жапырт мушташка кыргыздар аралашпаганын билдирди (видео)

Автор -

Казакстандын Ички иштер министрлиги Орусияда казак жарандары катышкан жапырт мушташ тууралуу комментарий берип, ага кыргыздар аралашпаганын билдирди.

Мурдараак орус басылмалары Амур аймагындагы газ иштеткен заводдо 22-ноябрда кыргызстандыктар менен казакстандыктар мушташканын жазган болчу.

«Казинформ» агенттиги Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып кабарлагандай, аталган заводдун курулушундагы мушташка казак жана тажик жарандары катышкан. Алар ошол жердеги жумушчулар экени айтылууда.

Расмий кабарга ылайык, жаңжалга катышкандардын тек-жайы аныкталган, чоо-жайын жергиликтүү күч органдары иликтеп жатат. Баштапкы маалыматтарга караганда, талашка өз ара келишпестик себеп болгон. Мушташкандардын бири реанимацияда жатат. Интернетте жаңжал тартылган видео да тарады.

Бөлүшүү