Марс Бөдөшов: Мен Бурулайга бычак сайган эмесмин (түз эфир)

Автор -
278

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн, 28-ноябрда милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум болууда. Отурумда негизги айыпталуучу Марс Бөдөшов көрсөтмө берүүдө.

«Сосновканын постунан 500 метр өткөндөн кийин Жол кыймылынын кызматкерлери биздин унааны тосуп токтотту. Мен унаадан түшүп кызматкерлер менен учураштым. Алар унаага кароо жүргүзүштү. Унаада отурган Бурулайга «ала качып бара жаткан жокпу» дешти. Бурулай унчуккан жок»,-деди айыпталуучу.

Анын айтымында аларды РИИБге алып келгенде унаада досу, Бурулай жана өзү болгон.

«Бизди Сосновкадагы посттон РОВДга алып келди. Башында баарыбызды бир бөлмөгө киргизишти. Анан кайра экөөбүздү сыртка чыгарды. Мен Бурулайга кирип, сүйлөшүп чыгайын деп сурансам эч ким уруксат берген жок. Эшик ачык туруптур, кирдим. Ошол убакта бирөө сөгүнүп өтүп кеткен. Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин»,— деди Марс Бөдөшов.

Айыпталуучу анын жанында бычак болбогонун, анын кайдан пайда болгонун билбей турганын айтты.

Айыпталуучунун жактоочусунун «Бурулайга жана өзүңө бычак сайдың беле» деген суроосуна Марс Бөдөшов «Мен Бурулайга бычак сайган эмесмин», деп жооп берди.

Бөлүшүү