Трамп Путин менен Аргентинада жолугат

Автор -

Ак үй президент Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен ушул жуманын аягында Аргентинада өтө турган «Чоң жыйырманын» саммитинде жолугууга ниеттенип жатканын ырастады.

Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун билдиришинче, анда Трамп менен Путин быйыл июлда Хельсинкидеги жолугушууда башталган сөздөрдү улантышат. Болтондун айтымында, Трамп орус президенти менен «коопсуздук, курал-жарактарды көзөмөлдөө тармактарындагы маселелерди, ошондой эле Жакынкы Чыгыш менен Украинадагы абалды» талкуулоого ниеттенүүдө.

Болтон Керч кысыгында украин аскер кемелеринин кармалышына карата Трамптын мамилеси тууралуу берилген суроого Ак үйдүн позициясын өлкөнүн БУУдагы өкүлү Никки Хейли дүйшөмбү күнү эле билдиргенин айтты. Анда ал Орусиянын аракеттерин кескин айыптаган эле.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерстин айтымында, Трамп Аргентинада Путинден тышкары Германиянын канцлери Ангела Меркель, Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугуп, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен түштөнөт.

«Чоң жыйырма» саммити Аргентинада 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү өтөт.

Бөлүшүү