Өкмөт башчы «Коопсуз шаар» долбоорун мындан аркы ишке ашыруу тууралуу маалымдады

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутататтарынын суроолоруна жооп берип жатып  «Коопсуз шаар» долбоорун мындан аркы ишке ашыруу тууралуу маалымдады.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү бардык тендердик процедуралар аяктаган жана тиешелүү техникалык иштер жүргүзүлүүдө.

Анын маалыматы боюнча, 2018-жылдын декабрынан 2019-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын 38 көчө кесилишинде жана негизги трассаларда жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоо камералары орнотулат.

Премьер-министр баса белгилегендей, долбоорду ишке ашырууга инвестордун жеке каражаттары тартылат.

«Мамлекеттик бюджеттин каражаттары колдонулбайт. Айыптардан топтолгон каражаттар инвестор, тиешелүү мамлекеттик орган жана жергиликтүү бийликтин ортосунда бөлүштүрүлөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун демилгеси боюнча түзүлгөн жол коопсуздугун камсыздай турган ички иштер органдарынын түзүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун сунуштамасы боюнча, патрулдук милицияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

«Жаңы түзүмгө кызматкерлерди кабыл алуу сынак негизинде гана жүргүзүлөт. Өзгөчө басым алардын компетенттүүлүгүнө жана мыйзамды билүүсүнө жасалат», – деп белгиледи Премьер-министр

Бөлүшүү