Өкмөт Президенттин шайлоо алдындагы программасын жүзөгө ашыруу үстүндө иш алып барууда

Автор -

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы программасын жүзөгө ашыруу үстүндө иш алып барууда», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоорлору каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө.

Өкмөт башчынын айтымында, шайлоо алдындагы убадаларга билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарын колдоо боюнча чаралар камтылган.

«Дарыгерлердин айрым категорияларынын айлык акысы жогорулатылган, келерки жылдын бюджетинде буга тийиштүү каражаттар каралган», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр шайлоо алдындагы убалардын блогу катары аймактарды өнүктүрүү маселеси каралып, анда айылдарды таза суу менен камсыздоо жана ирригацияны өнүктүрүү маселеси белгиленгендигин кошумчалады.

«Ичүүчү суу менен 2 15 айылды камсыздоо боюнча долбоорлор ишке ашырылат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы мурда билдиргендей, 2019-жылга карата республикалык бюджетте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органларынын ишин стимулдаштырууга жана алардын кирешесин жогорулатууга 100 млн сом салынган. Мамлекеттик экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле өлкө региондорундагы өндүрүштү жандандыруу максатында 2019-жылга карата республикалык бюджетте 2 млрд сом каралган. Бул каражаттар аймактардын экономикалык активдүүлүгүн жакшыртууга багытталат.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн потенциалын бекемдөө максатында киреше салыгын бөлүштүрүү көлөмүн жергиликтүү бюджеттин пайдасына 50%дан 70%га чейин жогорулатуу сунушталууда, мунун эсебинен аларга кошумча 2,1 млрд сомдон ашык каражат каралмакчы.

Бөлүшүү