“Коопсуз шаар” долбоорун «Вега» компаниясы жаз мезгилинен тарта ишке ашыра баштайт

Автор -
249

Өкмөт жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом караган.

Сынактын жыйынтыгында россиялык “Вега” компаниясы жеӊип чыгып, ал долбоорду аткаруууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамак болду же алдынала болжолдогондон 230 млн сомго арзан түштү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

“Коопсуз шаар” долбоору “Вега” компаниясы тарабынан 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт. Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол кырсыгы көп катталган 38 көчөнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат. Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат. Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштамакчы. Мындай чаралар жол кырсыктарын кыйла азайтууга өбөлгө түзөт деген ойдомун”, — деди биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле, келерки жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотула турганы белгилүү болду.

Акыркы жети жылдан бери бул долбоор ишке ашпай жатканын сынга алган депутат Наталья Никитенконун айтымында, Кыргызстанда өткөн жылы 4469 жол кырсыгы катталып, 612 адам, анын ичинде 77 өспүрүм каза болгон.

Депутаттар Өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалыматын эртеӊ, 29-ноябрда өтө турган жыйында угууну улантуу чечимине келишти.

Бөлүшүү