Депутат: Ооруп жаткан жаш балдарды  караганга ооруканаларда шарт жок

Автор -

Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Руслан Чойбеков ооруп жаткан жаш балдарды  караганга ооруканаларда шарт жок экенин айтып чыкты.

«Азыр суукта көп жаш балдар сасык тумоо менен ооруп жатышат. Алар ооруп ооруканага барса ал жакта жарытарлык шарт жок. Дем алыш күндөрү болсо врачтар жок. Биз эмне балдарга дем алыш күндөрү оорубай тургула деп айтабызбы? 2-3 саат балдарын көтөрүп турган энелерге эле кыйын болду. Эгерде жетекчилик карапайым элдерге шарт түзүп бербесе анда жумуштан кетсин. Же кыш мезгилинде врачтарды ишемби,жекшемби күнү да иштей тургандай кылып, ыӊгайлатырыш керек»,-деди эл өкүлү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү