ЖКда Дастан Жумабеков менен депутат Алтынбек Сулайманов кайым айтышты

Автор -
510

Жогорку Кеӊеште Дастан Жумабеков менен депутат Алтынбек Сулаймановдун ортосунда пикир келишпестик пайда болду. ЖКнын жыйынында «республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчёт» угулуп, бекитүү учурунда төрага менен депутат кайым айтышты.

Айрым депутаттар 3 мыйзамды өз өзүнчө карайбыз десе айрымдары чогу кароону сунуштап, өз ара чечим кабыл ала албай жатышат.

«Ар бир мыйзамды өз өзүнчө алып келтиришиӊиз керек эле. Эмнеге чогу карайбыз деп жатасыз? Ушинтип өкмөткө өкүл болуп алыӊыз анда» ,-деди депутат.

Ага Дастан Жумабеков; «Мыйзамдар өз өзүнчө талкууга келген. Бирок, күн тартибинде добуш берип чогу кароону чечтик. Мен өкмөткө өкүл болбой элемин»,-деп жооп кылды.

Учурда күн тартибинде “2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчётту бекитүү тууралуу”, «2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө», «2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралмакчы.

Бөлүшүү