35 миңге жакын кыргызстандык Орусиянын “кара тизмесинен” чыгарылат

Автор -
279

10-декабрга чейин 35 миңге жакын кыргызстандык жаран Орусиянын Миграция кызматынын «кара тизмесинен» чыгарылат. Бул тууралуу Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов «Республика -Ата-Журт» фракциясынын отурумунда билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын Миграция кызматынын «кара тизмесинде» 70 миңге жакын Кыргызстандын жараны бар.

Маалым болгондой, ушул жылдын 6 ай аралыгында кара тизмеден 7 миң кыргызстандык чыгарылган.

Расмий маалыматка ылайык, 750 миң кыргызстандык чет жерде иштеп жүрүшөт. Алардын 80 пайызы Орусияда, 10 пайызы Казакстанда, калганы башка мамлекеттерде эмгектенишет.