Бишкектеги «Мен Бишкекти сүйөм» жасалгасын талкалаган адам 60 миң сом айып төлөдү

Автор -

Борбор калаадагы Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде орнотулган жасалганы талкалаган адамдын туугандары 60 миң сом өлчөмүндөгү келтирилген зыянды толугу менен төлөп беришти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милиция кызматкерлери тарабынан 15-ноябрда Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия көчөсүнүн кесилишинде орун алган «Мен Бишкекти сүйөм» инсталляциясын атайылап талкалап кеткен факты аныкталган.  Ленин РИИБинин аймактык тескөөчүсү 27 жаштагы М.у.Т. аттуу адамды кармаган.

Келтирилген чыгым 60 миң сом деп бааланган. Аталган инсталляция жакынкы убакта калыбына келтирилип, кайра мурдагы ордуна коюлат.

Шаар бийлиги баш калаанын жашоочуларын муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле жасоого чакырат.